Ош технологиялык университетинин коомдук илимдер кафедрасында Ош шаардык юстиция башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын «Мамлекет кепилденген юридикалык жардам жөнүндө» мыйзамын жүзөгө ашыруу, ошондой эле укуктук маалыматтардын электрондук базасы жана жарандарга акысыз юридикалык кеп-кеӊеш берүү боюнча семинар өткөрүлдү.
Семинардын жүрүшүндө мамлекет кепилденген юридикалык жардам берүү тартибине жана шарттарына тиешелүү маселелер талкууланды.
Аталган иш-чара МКЮЖ жаатында укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүнү бекемдөө багытында өттү. Иш-чаранын аягында катышуучуларга МКЮЖ боюнча буклеттер жана Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкы боюнча плакаттар таратылды.