Ош мамлекеттик университетинде 19-ноябрда Кыргызстан түштүк философиялык коому жана ОшМУнун философия жана политология кафедрасы тарабынан Философия күнү белгиленди.
Алгач уюштуруучулар тарабынан философ, ойчулдардын белгилүү цитаталары, аффоризмдер таркатылып, театрлаштырылган көрүнүш орун алды.
Иш-чаранын алкагында Кыргыз-Кытай факультетинин жыйындар залында «Философиянын коомдук турмуштагы ролу» аттуу илимий семинар уюштурулду. Семинарда студенттердин, аспиранттардын илимий баяндамалары, презентациялары талкууланды. Ошондой эле Философия күнүнө карата куттуктоо сөздөр айтылды..