22-ноябрь күнү Ош технологиялык университетинде «Берекелүү күз» аталышындагы майрамдык иш-чара өттү.
Иш-чара окуу жайдын кибернетика жана маалыматтык технологиялар факультетинин компьютердик лингвистика кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага окуу жайдын жалпы жамааты жана студенттери катышты.
Иш-чаранын алкагында жармаңке уюштурулуп, анда студенттердин колунан жасалган даамдар, жер-жемиш, мөмө-жемиштер арзан баада сатыкка коюлду. Ошондой эле чыгармачыл студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, кызыктуу оюн-зооктор менен коштолду.