Ош технологиялык университетинин технологиялык колледжинин кийимдердин технологиясы жана дизайны кафедрасы тарабынан 22-ноябрда «Кыз адеби — кымбат» аттуу кароо-сынак уюштурулду.
Сынакка «КМТШИ» жана «Дизайн» адистиктериндеги студенттерден куралган «Асылзат» жана « Elegant» командалары күч сынашып, кыргыздын улуттук тамак-аштарын, кол өнөрчүлүгүн жана мода көрсөтүштү. Ыр-бий менен коштолгон сынакта ар бир команда өз өнөрлөрүн көрсөтүп, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.
Сынактын аягында жеңүүчүлөргө диплом жана баалуу белектер тапшырылды.