Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети «Достук кубогу» аталышындагы интеллектуалдык таймаш өткөрдү.
Таймаш ЖАМУнун Жаштар комитетинин колдоосу аркылуу активдүү студенттердин демилгеси менен уюшулган. Ага шаардагы жогорку окуу жайлардын студенттери катышып, жалпы 5 команданын ортосунда таймаш жүрдү.
Жаштар комитетинин өкүлү Искендер Зиябидин уулунун айтымында, таймашка ЖАМУнун студенттеринен команда катышкан жок. Анткени окуу жай уюштуруучу катары чыкты. Ал эми иш-чарада тарых, спорт, дин жана музыка багыттарындагы суроолор берилди.
Берилген суроолорго так жана туура жооп берип, жыйынтыгында Т.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети 1-орунду, Укук, бизнес билим берүү академиясы 2-орунду, «Нур» колледжи 3-орунду камсыз кылышты.
Бул иш-чараны өткөрүү кезеги Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетине эстафета катары өткөрүлүп берилди.