15:17 25 ноября 2019

Ички мобилдүүлүктөн өтүп жаткан студенттер ОшМУнун ишмердүүлүгү менен таанышты

2019-2020-окуу жылында ОшМУга ички мобилдүүлүк боюнча 1 семестр окуганы келген студенттерге «ОшМУга саякат - 2019» экскурсиясы уюштурулду.

Иш-чаранын максаты — конок студенттерди шаар, окуу жай, анын ишмердиги, структуралары, ички турмушу, татыктуу билим берүүгө карата түзгөн шарттары менен жакындан тааныштырып, жаштар арасында биримдикти, достук мамилени чыңдап, университеттер ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүү болуп саналат.

Саякат университеттин башкы имаратынан старт алып, чыгыш таануу жана тарых, юридика факультеттеринде аяктады. Экскурсиянын жүрүшүндө өнөктөш окуу жайлардын өкүлдөрү, музей, илимий китепкана, Дата борбордо болушуп, факультеттерге барышып, мындагы заманбап компьютердик класстар, лекциялык кааналар, илимий лабораториялар, спорт залдар, цехтер менен жеринен таанышып, ОшМУ боюнча маалыматтарды алышты. Математика жана маалыматтык технологиялар, медицина, табият таануу жана география факультеттериндеги лабораториялар студенттерге өзгөчө таасир калтырды

Ушуну менен «ОшМУга саякат» экскурсиясы жетекчиликтин колдоосу менен бешинчи жолу уюштурулуп жатат.

Ушул семестрде Бишкек мамлекеттик, Кыргыз улуттук, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик, Талас, Нарын, Баткен мамлекеттик университеттеринен 30дан ашуун студент келип окуп жатат. Аларга жатаканалардан орундуктар акысыз берилип, окуу процесси төлөмсүз уюштурулууда. «Ош декларациясынын» алкагында мобилдүүлүктөн өтүп жаткан студенттер демилге көтөрүп, ОшМУга саякат жасаткан ОшМУнун эл аралык байланыштар боюнча бөлүмдүн башчысы Семетей Амиралиев болду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть