10:41 2 декабря 2019

ОшМУда Эразмус+ программасынын маалымат күнү белгиленди

Ош мамлекеттик университетинде 28-ноябрда Эразмус+ программасынын Кыргызстандагы улуттук кеңсесинин маалымат жыйыны уюштурулду.

Иш-чараны эл аралык кызматташтык департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев ачып, учурда университетте 20га жакын долбоор Эразмус+ программасынын алкагында жемиштүү иштеп жаткандыгына, алардын 10дон ашууну академиялык мобилдүүлүккө багытталгандыгына токтолуп, өткөн окуу жылынын экинчи семестринде 18 студент, 10 окутуучу бул программанын негизинде Европа менен Турциянын алдыңкы окуу жайларында билим алып, тажрыйба алмашып келгендигин белгиледи.

Эразмус+ программасынын Кыргызстандагы улуттук кеңсесинин менеджери Гүлдастан Бердикулова Евробиримдик тарабынан каржылануучу Эразмус стипендиялык программасы, анын негизги багыттары, шарттары, милдеттери жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча угуучуларга кенен маалымат берүү максатында атайын Бишкектен учуп келди. Катышуучуларга ал «Эл аралык кредиттик мобилдүүлүк», «Жогорку билим берүү чөйрөсүндөгү потенциалды жогорулатуу», «Жан Монне» программалары боюнча маалыматтарды берип, Европанын ЖОЖдору менен кыргыз окуу жайларынын кызматташтыгын бекемдөөгө жана академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө багытталган бул программанын бюджети жылдан жылга көбөйүп жаткандыгын жана анын мөөнөтү 2027-жылга чейин узартылгандыгын билдирди.

Окутуучулардын көңүлүн долбоор жазып, грант утуу маселеси буруп, алар бул багытта атайын семинар уюштуруу зарыл экендигин белгилешти. Ал эми студенттерде Европанын университеттеринде толук төлөнүүчү стипендия алып окууга карата мүмүнчүлүктөр чоң кызыгууну пайда кылды. Жыйын суроо-жооптор менен коштолуп, катышуучулар программа туурасында кенен маалыматтарга ээ болуп кайтышты.

Иш-чаранын соңунда Гүлдастан айым Эразмус+ программасынын алкагында Европада окуп келген ОшМУнун студенттери менен жолугушуп, мониторинг өткөрдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть