9:37 5 декабря 2019

ОшМУда «Студент жана илимий-техникалык прогресс» аттуу VI аймактык студенттик илимий конференция өттү

Ош мамлекеттик университетинде 2019-жылдын 30-ноябрында окуу жайдын 80 жылдык мааракесине карата «Студент жана илимий-техникалык прогресс» аттуу VI аймактык студенттик илимий конференция өткөрүлдү.

Конференцияга түштүк аймагындагы жогорку окуу жайларынан алдыңкы студенттер, магистранттар жана алардын илимий жетекчилери, ЖОЖдордун илимий иштер боюнча проректорлору, илим, аспирантура бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.

Пленардык жыйында ОшМУнун студенти Азизилла уулу Эгемжар «Билим берүү системасын санариптештирүү жана андан күтүлүүчү натыйжалар», Кыргыз-Өзбек университетинин студенти Орозалиева Акмөөр «Чудеса корана. Научные и исторические феномены», БатМУнун Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун студенти Полотбек кызы Динара «Менталдык арифметиканы үйрөнүүнүн таасири», Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин студенти Апсатаров Уран «Кыргыз Республикасынын түштүк аймагында туризм тармагын өнүктүрүү: көйгөйлөр жана перспективалар», ОшМУнун студенти Маккамбаева Латофат «Оптимизация методов повышение иммунитета», БатМУнун Сүлүктү аймактык институтунун студенти Узакбай уулу Кайратбек «Тил – элдин байлыгы жана баалуулугу» деген темаларда баяндамаларды жасап, конференциянын катышуучуларынын суроолоруна жооп беришти.

Конференциянын иши «Маалыматтык технологиялар», «Педагогика, окутуунун технологиялары жана билим берүүнүн маселелери», «Дифференциялдык теңдемелер», «Тарых, философия жана дин таануу», «Филология», «Табигый илимдер жана медицина», «Экономика», «Менеджмент» илимдери боюнча секцияларда улантылды.

«Аймактык студенттик илимий конференция ОшМУда салтка айланган иш-чара катарында жыл сайын өткөрүлүп келет. Бул жылы конференция окуу жайыбыздын 80 жылдык юбилейине арналып өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты – студенттерди илимий-изилдөө иштерине тартуу, алардын билимин тереңдетүү, билгичтиктерин, көндүмдөрүн практикада колдоно билүүгө калыптандыруу болуп эсептелет. Ошону менен бирге бул иш-чара студенттердин идеяларын бириктирүүгө, илимге кызыккан жаштардын байланыштарын жандандырууга өбөлгө түзөт. Конференцияга 150гө жакын илимий макалалар түшүп, алар пленардык жана секциялык жыйындарда талкууланды жана мыкты баяндамачыларга дипломдор ыйгарылды», - деди ОшМУнун илим, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы Гүлжамал Анарбаева.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть