Акыркы жылдарда К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин материалдык-техникалык базасы чыңдалууда.
Окуу жайда заманбап окуу лаборатоиялары, кабинеттер ачылып, аудиторияларда, кабинеттерде, студенттик жатаканаларда капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, студенттердин билим алуусуна ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатат.
Жогорку студенттик кеңештин кабинети да реконструкцияланып, 2019-жылдын 4-декабрында ачылыш аземи өткөрүлдү. Иш-чарага университеттин ректору Р.Нургазиев, проректорлор, түзүмдүн жетекчилери, студенттер катышышты.