Ош технологиялык университетинин кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программалык жабдуу кафедрасында робот техникасы жана программалык инженерия боюнча лаборатория ачылды.
Лабораториянын ачылышына аталган факультеттин жалпы жамааты катышты. Лаборатория керектүү электрондук шаймандар менен жабдылган жана студенттер 3D басып чыгарууну, робот техникасы, электрониканын жардамы менен аткарылуучу илимий тажрыйбаларды үйрөнө алышат.