Ош технологиялык университетине 2019-2020-окуу жылында жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келип, окуп жаткан студенттер менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга ОшТУнун сырткы байланыштар жана өнүгүү иштери боюнча проректору, профессор Урмат Аттокуров, Тышкы иштер министирлигинин түштүк аймагындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн консулдук бөлүм башчысы Аманбай уулу Санжарбек, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин 1-секретары (консулу) Нодирхон Амонов жана Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө студенттердин суроо-сунуштары айтылып, көйгөйлүү маселелер талкууланды.