15:14 9 декабря 2019

ЖАМУда жазуучу Узакбай Абдукаимовдун 110 жылдыгы белгиленди

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде кыргыздын чыгаан романист, жазуучусу Узакбай Абдукаимовдун 110 жылдыгына арналган «Узакбай Абдукаимовдун экинчи өмүрү – канаттуу чыгармаларында» аталышындагы илимий-практикалык конференция уюштурулду.

Жыйында модератордук кылган ЖАМУнун илим иштери боюнча проректору Курманбек Алыбаев У.Абдукаимовдун өмүр жолу, чыгармалары тууралуу кеңири маалымат берип, видеоролик көргөзүлдү.

Узакбай Абдукаимов – улуттук профессионал жазма адабиятыбызды түптөгөндөрдүн бири. Кыргыз элинин залкар котормочусу жана жазуучусу, агартуу системасында эне тили боюнча окуу куралдарын түзүүгө активдүү катышкан улуу инсан катары калкыбызга таанымал болгон. Анын алгачкы аңгемелери жана новеллалары 1928-жылы «Жаңы маданият жолунда» (кийинки «Ала-Тоо») журналына жарыяланат. Ошол эле жылы «Эркин-Тоо» (азыркы «Кыргыз Туусу») гезитине «Биз – жолдоштор» поэмасы жарык көрөт. Анын «Үмүт» псевдоними менен жарыкка чыккан «Таң атканда», «Ач талаа», «Бакыт жолунда» аңгемелери келечекте анын мыкты жазуучу болорун адабий коомчулукка таанытып койгон десек жаңылышпайбыз. Анын чыгармачылык ишмердүүлүгүнүн алгачкы көлөмдүү туундусу «Кыздын таалайы», «Карындашыма» повесттери жана Улуу Ата Мекендик согуш учурунда «Суусамыр окуясы» тарыхый очерки болуп саналат.

Конференцияга өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Г.Аширова, Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнөн Б.Каипова, Сузак районунун №8 У.Абдукаимов атындагы орто мектептин директору Ж.Маматканова, У.Абдукаимовдун туугандары, неберелери жана ЖАМУнун профессор-окутуучулары, студенттери катышты.

Жыйында окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы төмөндөгүдөй баяндамаларды жасашты:

К.Калчекеев — «У.Абдукаимов жана кыргыз адабияты»;

А.Кадырова — «У.Абдукаимовдун котормочулук чеберчилиги»;

Д.Чокоева — «У.Абдукаимов: адам жана жазуучу катары»;

А.Шерипбаев — «У.Абдукаимовдун «Майдан романынын кыргыз адабиятындагы орду».

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть