9:13 10 декабря 2019

ОшМУнун ректору Конфуций институттарынын жыл жыйынтыктоочу салтанатына катышууда

Кытайдын Чанша шаарында 9-декабрда дүйнөнүн 600дөн ашуун университетинде жайгашкан Конфуций институттарынын жыл жыйынтыктоочу салтанаттуу жыйыны башталды.

Жыйынга дүйнөдөгү Конфуций институттары ачылган университеттердин ректорлору жана директорлору катышып, жыл жыйынтыгын чыгарышууда. Алгачкы күнү «Кытай тилин окутуунун маселелери» аттуу эл аралык конференция менен башталды.

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков жана Конфуций институтунун директору Токтосун Айтикеев аталган жыл жыйынтыктоочу салтанаттын ачылуу аземине катышты.

Аталган конференцияда Кытайдын билим берүү министринин орун басары Тиен Суежун модератордук кылды. Кытайдын Билим берүү министри Чэнь Баошэн, Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Сун Чунлан айым сөзгө чыгып, кытай тилинин бүгүнкү күндөгү орду, абалы жөнүндө токтолуп, тилди үйрөнүүдөгү бир топ маселелерди баса белгилеп кетти.

Салтанаттын жүрүшү 2 күнгө созулат.

10-декабрда Конфуций институттарынын Орто Азия боюнча координатору У Тун менен ОшМУнун ректору К.Кожобековдун жолугушуусу өтөт. Ал эми 11-декабрда Пекиндеги Борбордук улуттар университети менен ОшМУнун ортосунда Кыргыз-Кытай гуманитардык алмашуу борборун ачуу боюнча келишимдерге кол коюлуусу күтүлүүдө.

2017-жылдын жыйынтыгы боюнча ОшМУнун Конфуций институту жемиштүү жана изденгич эмгеги үчүн «Жылдын мыкты институту» номинациясына ээ болгон.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть