ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда XIX кылымдагы көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Алымбек Датка Асан бий уулунун 220 жылдыгына арналган илимий-теориялык конференция болуп өттү.
Конференция Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы, өкмөттүн алдындагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Өзгөн райондук өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган.
Илимий иш-чарада илимпоз-окутуучулар тарабынан мыкты баяндамалар жасалды.