12:36 13 декабря 2019

ОшМУнун окутуучусу Кытайда «Мыкты жергиликтүү кытай тили окутуучусу» сыйлыгына ээ болду

10-декабрда Кытайдын Чанша шаарында өтүп жаткан дүйнөлүк Конфуций институттарынын жыл жыйынтыктоочу аземинде Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-Кытай факультетинин кытай тили окутуучусу Маратбек Абдыкулов «Мыкты жергиликтүү кытай тили окутуучусу» сыйлыгына ээ болду.

Дүйнөнүн 160тан ашуун өлкөсүндөгү кытай тили окутуучуларынын арасынан Испания, Россия, Пакистан өлкөлөрүнүн катарында Кыргызстандан бул сыйлыкка ОшМУнун окутуучусу татыктуу болуп отурат.

Маратбек Абдыкулов 2017-жылдан тартып Кыргыз-Кытай факультетинин кытай тили жана кытай таануу кафедрасында окутуучу болуп эмгектенет. Ал — кытай-кыргыз-орус тилдеринде түзүлгөн HSK 1-5 сөздүгүнүн түзүүчүлөрүнүн бири. Ошондой эле 2017-жылы Кыргызстандын түштүгүндө кытай тилчи окутуучуларынын арасында өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүсү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть