Ош технологиялык университетинин мектеп-лицейинде 8-9-10-11-класстардын окуучулары арасында «Брейн-Ринг» интеллектуалдык акыл таймашы болуп өттү.
Оюн 3 тур менен өткөрүлүп, анда Чыңгыз Айтматов боюнча суроолор берилди. Оюнга жалпысынан 5 команда катышып, мыктылар аныкталды.
Иш-чараны окуу жайдын мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Ырысгүл Орозбекова балдарга залкар жазуучу Ч.Айтматовду тереңдетип таанытуу, анын эмгектерин баалап, чыгармаларына кызыгуу менен мамиле жасоо максатында уюштурду.
Оюндун жыйынтыгында 1-орунду 11-класстын, 2-орунду 8-класстын жана 3-орунду 9-класстын окуучулары камсыздашты. Жеңүүчүлңргө дипломдор жана кызыктыруучу белектер таршырылды.