9:05 14 декабря 2019

Индустриалдык педагогикалык колледжинде кыргыз адабиятынын алптарынын чыгармалары 3 тилде жаңырды

12-декабрь – Адабят күнүнө карата ОшМУнун Индустриалдык педагогикалык колледжинин тилдер кафедрасы тарабынан «Алыкул, Чыңгыз – куштун эки канатындай» аттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага тилдер дисциплинасы боюнча окутулган бардык колледждин таланттуу студенттери катышты. Иш-чарада акын-жазуучунун чыгармалары анлис, орус, кыргыз тилинде жаңырып, сахналык көрүнүштөр, көркөм окуулар аткарылды. Ошондой эле иш-чаранын шартында чыгармалардын мазмунуна карай сүрөт тартуу, автордук ырлар, обондуу ырлардын сынагы да өткөрүлдү. Чыгыш таануу жана тарых, юридика, Конфуций, табият таануу жана география жана башка факультеттердин колледждердин студенттери бул иш-чарага активдүү катышышты.

Тилдер кафедрасынын башчысы, доцент Бактыгүл Байтикова А.Осмоновдун «Отуз жаш» ырын көркөм окуп, мындай иш-чаралар дагы улана бере тургандыгын, адабият адам жан дүйнөсүнүн рухий байлыгы экенин айтты. Ал эми чыгыш таануу жана тарых факультетинин деканы Ж.Бөтөнөев, юридика факультетинин деканынын окуу иштери боюнча орун басары С.Миңбаев катышуучуларга жана иш-чараны өткөргөн кафедрага ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын алкагында факультеттин китепканасы тарабынан көргөзмө уюштурулду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть