15:25 14 декабря 2019

ОшТУда Чыңгыз Айтматовдун эмгеги эскерилди

Ош технологиялык университетинин Технологиялык колледжинин мамлекеттик тил жана дүйнөлүк тилдер кафедрасы тарабынан Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган «Чыңгыздын чыйыр жолунда» аттуу салтанатуу иш-чара уюштурулду.

Иш-чарага окуу жайдын жалпы жамааты жана студенттери катышып, таланттуу студенттер тарабынан Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган сүрөт көргөзмөсү, Ч.Айтматовго арналган ырларды окушуп, жазуучунун «Кызыл алма», «Кыямат», «Биринчи мугалим» өңдүү бир катар чыгармаларынан үзүндүлөрдү көрсөтүштү. Ошондой эле чыгармаларынан монолог жана кыргыз элине тараган ырларынан аткарылып, адабий-чыгармачылык кече уюштурулду.

Иш-чаранын максаты — студенттердин жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө билимин өркүндөтүү, чыгармаларына кызыгууну жаратуу, жазуучунун кыргыз жана дүйнөлүк адабиятка кошкон салымын урматтоо болуп саналат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть