14-декабрь күнү Ош гуманитардык-педагогикалык институтунунда өлкөнүн Түштүк аймагындагы ЖОЖдордун студент кыздар ортосунда волейбол боюнча биринчилик болуп өттү.
Турнирге Жалал-Абад, Баткен жана Ош облусундагы бардык жогорку окуу жайлардын командалары катышкан.
Жыйынтыгында 3-орунга Кыргыз-Өзбек университети, 2-орунга Ош гуманитардык-педагогикалык институту ээ болсо, 1-орунду Ош мамалекеттик университетинин кыздар курама командасы багындырып, уюштуруу тобу тарабынан кубок, диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.
Мелдеш буга чейин Ош мамлекеттик университетинде өткөн. Бул ирет Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда уюштурулду. Кийинки кезек Кыргыз-Өзбек университетине өткөрүлүп берилди.