Быйыл Сежоң корей тил борборунда окуган ОшТУнун 5 студенти KGSP (Korean Government Scholarship Program) Корея мамлекеттик стипендия программасы боюнча Кореядагы жогорку окуу жайына тапшырышты.
Алар:
1. Нажимидин кызы Күмүшай – Чонжу университети, компьютердик инженерия факультети (4 жыл);
2. Орунбаева Айназик – Намсеул университети, компьютердик программалык камсыздоо факультети (4 жыл);
3. Шамурзаева Алина – Корея улуттук искусство университети, театр жана аткаруу факультети (4 жыл);
4. Абылбек кызы Азатай – Ёңжин колледжи, компьютердик программалоо факультети (3 жыл);
5. Ашурбаева Элида – Ёңжин колледжи, мультимедиалык дизайн факультети (2 жыл).
Бул студенттер 2020-жылдын март айынан баштап аталган университеттерде окуп башташат жана окууну бүткөнчө Корея мамлекеттик стипендиясын алып окушат.
Буга чейин Шамурзаева Алина (Чоннам университети) жана Ашурбаева Элида (Намсеул университети) 2019-жылдын март айынан баштап азыркы убакка чейин Кореяда алмашуу программасы боюнча окуп жатышат.