14:32 19 декабря 2019

Медакадемияда элдик медицина боюнча ачык сабак өткөрүлдү

Кечээ, 18 декабрда И.К.Ахунбаев атындагы Медакадемиянын философия жана коомдук илимдер кафедрасынын мугалимдери Гүлнара Туралиева менен Гүлсүмкан Жунушалиева кыргыздын элдик медицинасы боюнча 1-курстун студенттерине ачык сабак өтүштү.

Сабакта жыландын уусу менен ууланган бейтапты дарылоо, сыныкка шак-шак коюу сыяктуу дарыгерлик ыкмалар тууралуу кеңири айтылып, аталган ыкмалардын үлгүлөрү иш жүзүндө көрсөтүлдү.

Кафедранын мугалимдери ачык сабакты аудиторияда эмес, окуу корпусунун короосунда өтүштү. Анткени алар сабактын идеясын, темасын бардык каалоочуларга – студенттерге, мугалимдерге жеткирүүнү максат кылышкан эле.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть