12:10 23 декабря 2019

ОшМУда «Чет өлкөдө кантип окуп келсе болот?» аттуу маалымат жыйын өттү

ОшМУнун башкы имаратында «Чет өлкөдө кантип окуп келсе болот?» аттуу маалымат жыйын болуп өттү.

Жыйынга ОшМУнун ректору К.Кожобеков, Эл аралык байланыштар департаментинин директору А.Абдувалиев, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы С.Амиралиев, академиялык мобилдүүлүк боюнча чет өлкөлөргө барып келген студенттер катышты.

«Бүгүн заман агымы менен тең жарышып, убакыттан уттурбай билим алчу мезгил. Чет өлкөдө окуп келүүгө Ош мамлекеттик университетинде бардык шарттар каралган. Күн санап академиялык мобилдүүүктүн аянты кеңейүүдө. Учурда «Ош декларациясынын» алкагында 53, ОшМУдан башка окуу жайларда 31 студент билим алууда. Быйылкы жылы Ош мамлекеттик университенен 130га жакын студент, 45 окутуучу чет өлкөгө чыгып, тажрыйба алмашып келишти. Билим сапарында талбай изденүүнү каалайм», - деди сөзгө чыккан ОшМУнун ректору К.Кожобеков.

Эл аралык байланыштар департаментинин директору А.Абдувалиев жыл бою аткарылган иштерге токтолуп, студенттерге чет өлкөдө окуп келүү программалары менен кенен тааныштырды. Андан соң академиялык мобилдүүлүк боюнча Чехия, Испания, Германия, Россия, Казакстан, Түркия, Кытай, Япония, Өзбекстан мамлекеттериндеги жогорку окуу жайларда окуп келген студенттер презентация жасашып, жыйындын соңунда суроо-жоопко орун берилди.

Акыркы 3 жылда 1500дөн ашуун студенттер «Мевлана», «ДААД», «ШОС», «Ерасмус+» программалары аркылуу чет өлкөлөрдө билимин өркүндөтүп келишкен.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть