15:39 24 декабря 2019

ОшМУнун Киноакадемиясынын студенттери «Эң мыкты дебют» наамына ээ болушту

Бишкек шаарындагы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 2019-жылдын 17-20-декабрында өткөн студенттик «Жаңы ысымдар» театр-фестивалына ОшМУнун Киноакадемиясынын студенттери катышып келишти.

Аталган театр-фестивалда Киноакадемиянын студенттери «Эң мыкты дебют» наамына ээ болушту. Ошондой эле Киноакадемиянын студенти Марипбай кызы Айганыш Д.Күйүкова атындагы сыйлыктын лауреаты болсо, Өмүрбек кызы Диана «Эң мыкты аялдын образы» наамына татыды.

Университеттин Окумуштуулар кеңешинде жалпы жамааттын атынан ийгилик менен келген ОшМУнун Киноакадемиясынын директору Улукбек Омокеевди жана студенттерди окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

2018-жылы өткөн студенттик спектаклдердин IV республикалык «Жаңы ысымдар» театр-февтивалында ОшМУнун Киноакадемиясынын студенттери «Наристенин чаңырыгы» спектакли менен катышып, «Мыкты дебют», ал эми Алымбай кызы Аруна «Мыкты актриса» наамына ээ болушкан.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть