22-23-декабрь күндөрү Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн алыш күрөш боюнча XVII дүйнө биринчилигинде ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетинин студенти Марлен Абдурасулов 60 кг салмакта 1-орунду багындырып, алтын медалдын ээси болду.
Мелдешке 27 өлкөнүн 275 спортчусу катышкан.
Өлкөнүн намысын коргогон Марлен Абдурасуловду ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинде ректор Кудайберди Кожобеков жалпы жамааттын атынан куттуктап, окууда, спорт жаатында ийгиликтерди каалады.