14:27 31 декабря 2019

ЖАМУнун жамааты Дүйнө чемпиону болгон студент Элдияр Сексенбаевди тосуп алды

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин эмгек жамааты 30-декабрда алыш күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону Элдияр Сексенбаевди тосуп алышты.

Окуу жайдын ректору Кеңешбек Усенов чемпионго чың ден соолук, жеке жашоосунда жана спортто ийгиликтерди жаратуусун каалап, университет тарабынан колдоо иретинде келишимдик акыдан 100% бошотулгандыгын белгилеп өттү.

«Э.Сексенбаев буга чейин да бир катар турнирлерге катышып, жеңиштерди багындырып келген. Казакстанда алыш күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону болуп, ЖАМУнун, Жалал-Абад облусунун жана Кыргызстандын намысын коргоду. Мындай жигиттер — өз элинин сыймыгы», - деди ректор.

Ал эми чемпионду тосуп алуу аземине өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри, шаардык кеңештин депуттары, Сузак районунун акими жана ЖАМУнун дене тарбия кафедрасынын окутуучулары катышып, каалоо-тилектерин айтышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть