Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университеинин педагогика жана маалымат технологиялары факультетинин башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасынын окутуучусу Динара Канетованын 2 илимий макаласы америкадагы AIP журналынын 2019-жылдын декабрь айындагы санында жарык көрдү. Бул тууралуу аталган кафедранын башчысы Сапарбек Ажыкулов маалымдады.
Анын айтымында, «On some completeness properties of uniform spaces», «Some remainders properties of uniformspaces and uniformly continuous mappings» аталыштагы 2 илимий макаласы жарыяланган. AIP - Web of Science жана Scopus базаларына кирген рецензиялануучу илимий журнал.
Ошондой эле Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Жаш окумуштуулар кеңеши тарабынан Илим күнүнө карата жарыяланган сынакка катышып, Web of Science, SCOPUS, РИНЦте аталган «Эң мыкты макала» сертификатына ээ болду. Кыргызстан боюнча 30дан ашуун илимий макала катышып, анын ичинен 3 макала аталган сыйлыкка ээ болду.