9:44 13 января 2020

Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын кышкы ачык чемпионатында ОшМУнун студенттери жеңишке жетишти

Бишкек шаарында 10-11-январь күндөрү жеңил атлетика боюнча КРнын кышкы ачык чемпионаты болуп өттү. Бул тууралуу аталган федерациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында өтүп, ага өлкө аймагынан чогулган 15-16 жаштагы өспүрүмдөр, 18 жаштан жогорку курактагы кыздар жана балдар катышкан.

Спортчулар 3000, 1500, 800, 400, 200, 60 метр аралыкка чуркап, алыстыкка, бийиктикке секирип жана ядро ыргытып ат салышкан.

«Өлкө боюнча 300гө жакын спортчунун арасынан жакшы жыйынтык көрсөттүк. ОшМУнун педагогика, психология жана дене тарбия факультеттеринин студенттери Жамшитбекова Алмыкан 800 м. аралыкка чуркоодо 1-орунду, 400 м. аралыкка чуркоодо 2-орунду, Садыкжан уулу Шахзатбек 200-400 метр аралыкка чуркоодо 1-орунду, Жумабаев Бектурсун 60 метр тоскоолдуктар менен чуркоодо 2-орунду ээлесе, юридика факультетинин студенти Кыпчакова Азиза 60 метр тоскоолдуктар менен чуркоодо 2-орунду багындырды.

Ал эми Садыкжан уулу Шахзатбек февраль айында өтө турган Азия чемпионатына жолдомо утуп алды», - деди ОшМУнун «Биримдик» спорт клубунун башчысы Алмазбек Казибеков.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть