Ош технологиялык университетинин профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлердин, факультеттер жана структуралык бөлүмдөр арасында XIX спартакиадасы өткөрүлүп жатат.
Мелдешке жалпы 8 курама команда катышты. Бүгүнкү эркектер арасында өткөрүлгөн турнирде академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү инстититутунун агайлар курама командасы 1-орунду, табигый-техникалык факультетинин курама командасы 2-орунду жана архитектура жана курулуш факультетинин курама командасы 3-орунду камсыздашты.