10:32 18 января 2020

ОшМУнун ректору ага кат жазган интернаттын тарбиялануучусу менен жолукту

Ош шаарындагы «Боорукердик» интернатынын тарбиялануучусу Мухамбетали Хамрабаев гезит аркылуу ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековго кат жолдогон.

Катта: «Кудайберди агай, саламатсызбы! Мен 16 жаштамын. Мен сиздин университеттин жетекчиси экениңизди билем жана мен дагы келечекте унивеситетте окугум келет. Сиз менен таанышкым келет», - деп жазылган.

13-январда Мухамбеталини окуу жайдын жетекчиси кабыл алып, аны менен баарлашты. Ошондой эле анын музыкага болгон кызыгуусун уккандыгын айтты. Анын келечекте жакшы билим алып, өзү кызыккан кесиптин мыкты адиси болуусун каалады жана Мухаметалиге музыка угуп, ырдоого мүмкүнчүлүк бере турган караоке коштолгон музыкалык аппарат тартуулады.

«Бул сенин кызыгууңа дем берсин, түрткү болсун. Кийинки жолугушканда ушул аппарат менен жакшы көргөн ырыңды ырдап беришиңе тилектешмин. Ден соолугуң бекем болсун», - деди К.Кожобеков.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть