ОшМУнун «Университет» волейбол клубунун оюнчуларына спорттук кийимдер тапшырылды. Спорт кийимдерин клубдун президенти, ОшМУнун ректору, доцент Кудайберди Кожобеков тапшырды.
«Окуу жай силерге бардык мүмкүнчүлүктү түзүп берүүгө даяр, силер да окуу жайдын намысын коргоп, мыкты оюн көргөзгүлө. Волейбол — командалык оюн. Ынтымак, биримдик болсо гана жеңишке жетесиңер. Баарыңарга ийгилик, окууларыңарга жетишкендик каалайм», - деди К.Кожобеков.
«Клубдун балдары физикалык, психологиялык жактан да оюнга даяр. Азыр күн сайын машыгуу жүрүп жатат. Курамда дээрлик окуу жайдын студенттери машыгат», - дейт клубдун машыктыруучусу Эрлан Таирбек уулу.
ОшМУнун «Университет» волейбол клубу 2018-жылы август айында негизделген. 2019-жылы Жогорку лигада 3-орунду камсыз кылган.