К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору, Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, ветеринария илимдеринин доктору, профессор Рысбек Нургазиев «Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наамын алды.
Ошондой эле тарых жана философия кафедрасынын башчысы, Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор Өскөн Осмонов III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды.
Сыйлыкты 20-январда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков тапшырган.