Өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн Ош технологиялык университетинин кибернетика жана маалымат технологиялары факультетинин маалымат технологиялары жана башкаруу кафедрасынын башчысы, физика-математика илиминин доктору, профессор Абдыганы Сатыбаев «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наамга татыктуу болду.
Сыйлыкты 20-январда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков тапшырган.