13-21-январь күндөрү М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлердин, факультеттер жана структуралык бөлүмдөр арасында XIX спартакиада өткөрүлүп, жалпысынан мелдешке тогуз курама команда катышты.
Иш-чаранын негизги максаты — окутуучулардын жана кызматкерлердин ден соолугун чыңдоо, сергек жашоого үгүттөө, кесиптештер арасындагы ынтымакты бекемдөө, дене тарбия жана спортту жайылтуу максатында уюштурулду.
Спартакиада спорттун улуттук жана классикалык 6 түрү боюнча өткөрүлүп, ар бир түрүнөн мыкты командалар күч сынашты.
Жыйынтыгында 1-орунду Гуманитардык-технологиялык колледжи багындырып, 10 миң сом менен сыйланды. 2-орунду автоунаа факультети ээлеп, 6 миң сом менен сыйланды. Ал эми 3-орунду табигый-техникалык факультети алып, 4 миң сом менен сыйланды.