11:56 23 января 2020

ЖАМУнун окутуучулары Кытайда билимин жогорулатып келишти

ЖАМУнун окутуучулары 2020-жылдын 5-14-январында Кытайдын Үрүмчү шаарында жайгашкан Синьцзянь мамлекеттик университетине жана Сиань шаарындагы Түндүк-Чыгыш университетине атайын иш сапар менен барып келишти.

Окутуучулар программанын алкагында аталган университеттердин илимий лабораторияларында, окутуу борборлорунда тажрыйба алмашып, кызыктуу лекцияларды угуп, билимдерин жогорулатышты. Ошондой эле атайын сертификаттарга ээ болушту жана Үрүмчү, Сиань шаарларынын кооз жерлеринде болушуп, тарыхы менен таанышты.

Программанын катышуучулары бул иш сапар билим жаатында Кытайдын жогорку окуу жайларындагы алдыңкы тажрыйбалар менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүп, жаңы идеялардын пайда болуусуна түрткү бергендигин жана ал идеяларды ишке ашырууну максат кылып келишкенин баса белгилешти.

Иш сапар Жалал-Абад мамлекеттик университети менен Синьцзянь мамлекеттик университеттеринин ортосундагы түзүлгөн келишимге ылайык ишке ашты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть