12:25 23 января 2020

ОГПИде мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында семинар, курстар өтүп жатат

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында атайын семинар, курстар өтүп жатат. Бул
тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

Аталган семинар институттун алдындагы Мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ага Кыргыз-Өзбек университетинин Кесиптик колледжинин жана Араван районундагы «Дулдул-Тоо» колледжинин медициналык, экономикалык жана укук бөлүмүнүн мугалимдери билим алышууда. Мында катышуучулардын педагогика жана окутуунун методикасы боюнча кесиптик чеберчиликтерин жогорулатуу үчүн ОГПИден тиешелүү багыт боюнча илимий даражалуу профессорлор, билим берүүнүн мыктылары көргөзмөлүү сабактарды, билим берүүнү жаңы стандарттары боюнча мастер-класстарды өтүп жатышат.

Семинар планга ылайык 2 жумага уланып, жыйынтыгында жалпы катышуучуларга окуу жай тарабынан квалификациялык атайын сертификат тапшырылат.

«ОГПИден усулдук колдоо» долбоорунун негизинде жергиликтүү жана алыскы райондордун мугалимдерине семинарлар уюштурулуп келет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть