14:45 24 января 2020

ОГПИнин Япония менен кызматташуусу артууда

Ош гуманитардык-педагогикалык институтуна Япония өлкөсүнөн коноктор келип, окуу жайдын жетекчилиги менен жолугушту.

Япониянын ири компанияларынан келген өкүлдөр окуу жай менен Япониянын мындан аркы байланышын бекемдеп, карым-катнашын арттыруу максатында келишип, бир топ маселелер боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Ошону менен бирге учурда япон тили курсунда билим алып жаткан студенттерди Японияга практикага жөнөтүү, жумушка жайгаштыруу, иштерин жакшыртуу боюнча жеңилдетилген келишимдер каралды.

Мындан тышкары, студенттерге Япониянын тарыхы тууралуу япон тилинде бир топ жеңилдетилген китептерди белек кылуу менен, мындан ары окуу материалдары менен камсыз кылып турарын айтышты. Ошондой эле алдыда Япон-медиа классын ачуу планы ишке ашарын белгилей кетишти.

Институтттун алдында ачылган «Японияга жумушка орноштуруу» борбору бир жылдан бери алгылыктуу иштерди жүргүзүп, ал арада Кыргызстан менен Япониянын байланышын бекемдөө, студенттерди аталган өлкөгө жөнөтүү иштери жүзөгө ашты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть