Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медициналык колледжинин студенттери кийим тигүүчү 3 кол машинаны мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга тапшырышты.
«Жаштарды боорукердикке, кайрымдуулукка үндөө максатында бул иш-чара уюштурулду. Медициналык колледждин окутуучулары Менура Атабаева, Конокбай кызы Сымкат, Майрам Курманалиева жана студенттери менен биргеликте кийим тигүүчү кол машиналар, азык-түлүк тапшырышты», - дейт медициналык колледждин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Г.Темирбаева.