10:54 30 января 2020

ОГПИде заманбап үлгүдөгү борборлор ишке кирди

Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда заманбап үлгүдөгү усулдук борборлор ачылды.

Аталган борборлор окуу жай жетекчилигинин атайын планына ылайык, толук түрдө талапка жооп бере турган шартта институтта даярдалган бардык адистиктер боюнча өз өзүнчө даярдалган. Тактап айтканда, кааналар акыркы үлгүдөгү электрондук доскалар, компьютер, принтер, интернет байланышы жана жумшак эмеректер, китеп текчелер, көргөзмө куралдар үчүн атайын бурчтар менен жабдылып, билим берүүнүн түрдүү методдорун талаптагыдай окутууга жана үйрөнүүгө жакшы мүмкүнчүлүк жаралып отурат.

Студенттердин кышкы эс алуудан келишине даярдалган усулдук кааналар менен окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик жамаат жакындан таанышып чыгып, ал арада ректор факультеттин декандарына борборлорду натыйжалуу колдонуу үчүн усулчу мугалимдер менен дыкат иш алып баруу боюнча тапшырмаларды берди. Ошону менен бирге бул аракеттер окуу жайда билим алып жаткан болочок мугалимдерге окутуунун усулун натыйжалуу үйрөтүү максатында ишке ашып, алардын сапаттуу кадр болуп чыгуусуна керектүү шарт түзүп берүү болуп саналарын ректор өз сөзүндө белгилеп өттү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть