12:48 3 февраля 2020

Америкадан келген ыктыярчылар Оштогу студенттерге англис тилин акысыз үйрөтүп жатышат

2019-жылдын декабрь айынан тарта Ош гуманитардык-педагогикалык институтуна Америка Кошмо Штаттарынан атайын ыктыярчылар келип, студенттерге англис тилин жакындан үйрөтүп жатышат.

Келген адистер атайын келишимге ылайык, окуу жайдын гуманитардык факультетинде ишмердүүлүк жүргузүшүп, англис тили адистигинде окуган жана тил үйрөнүүгө кызыкдар студенттерге чет тилин өздөштүрүүгө багытталган түрдүү сабактарды өтүшүүдө.

Студенттердин көз карашын өзгөртүп, өзгөчө таасир калтырган коноктор Grace Mikeska, Ludia Gilder Техас жана Огайо штаттарынан келишкен. Алар 2 айдан бери Ош шаарында жашап, кыргыз элинин маданияты, үрп-адаты жалпы жашоо-турмушу менен таанышып жаткандарын жана бир топ кызыктуу күндөр өтүп жатканын билдиришти.

Курста окуп жаткан студенттердин пикиринде, бул сыяктуу ыктыярчылар менен бирге чет тилин үйрөнүү абдан жеңил жана таассирдүү. Күндө өтүлүп жаткан сабактар аябай кызыктуу болуп, тил үйрөнүү мүмкүнчүлүгү кеңейүү менен билим алууга мыкты шарт түзүлдү.

ОГПИде англис тили адистигинде 1 миңге жакын студент билим алып жатат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть