8:56 4 февраля 2020

Аламүдүндөгү Стрельникова мектебинде соцпедагогдор үчүн семинар-тренинг өткөрүлдү

Аламүдүн районундагы Стрельникова атындагы орто мектебинде «Ар бир бала бактылуу балалыкка укуктуу!» деген темада семинар-тренинг өткөрүлдү.

Иш-чарага Аламүдүн районунун билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адистери Н.Логинова, С.Орозобекова, Социалдык педагогдор уюмунун төрайымы Т.Ашымбаева жана психолог З.Жапарова, Таш-Мойнок айыл аймагынын социалдык кызматкерлери, ошондой эле райондогу мектептердин соцпедагогдору катышты.

Семинарда Стрельникова атындагы орто мектебинин тарыхы менен директор С.Каргабаева тааныштырды. 4-класстын окуучулары «Человек может все, даже вопреки судьбе!» деген темада тажрыйбалуу мугалим Г.Жусубакунова жана алдынкы жаш мугалимдердин бири Ж,Кулмамбетова 10-11-класстардын окуучулары менен «Баланын эмгеги өнүгүүнүн жолу эмес!» деген темада сахналаштырылган класстык саат өтүштү.

Ошондой эле соцпедагогдор менен биргеликте «Ар бир бала бактылуу балалыкка укуктуу!» деген темада тренинг өткөрүлдү. Тренингди мектеп директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Советкул кызы Назира жана мектептин соцпедагогу Асланбек кызы Кенжегүл алып барышты. Тажрыйба алмашуу жана ой бөлүшүү максатында өткөрүлгөн бул семинарда эмгектин оор формасына кабылган балдарга ата-энелер, коомчулук, Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы жана соцпедагогдор биргелешип кырдаалдан чыгуу жолдорун талкуулашты.

Тренингтин жыйынтыгында Соцпедагогдор уюмунун төрайымы Т.Ашымбаева жана психолог З.Жапарова тарабынан 2019- жылдын ноябрь айында жарыяланган «Балдардын эмгегине жол жок!» деген темадагы дилбаян жана сүрөт сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, окуучуларга белектер тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть