Ош шаардык мэриясы жана Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан өткөрүлүп жаткан «Алтын үн» кароо-сынагына катышып жаткан Ош технологиялык университетинин студенттери Бегалы Капаров жана Элзат Нурумбетова финалга өтүштү.
Сынак кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө салым кошуу, улуттар аралык достукту бекемдөө, өнөрлүү инсандардын искусствого болгон кызыгуусун жандандыруу максатында уюштурулган.