12:56 13 февраля 2020

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэда ОшМУнун студенттери менен баарлашты

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Япониянын Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэда менен жолукту.

Жолугушууда Япониядагы жогорку окуу жайлар менен кызматташуу алакаларын бекемдөө, билим берүү программаларын ишке ашыруу, окутуучулардын, студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн арттыруу багыттары боюнча сөз болду.

Элчи жогорку окуу жайлар менен кызматташуу багытында мамилелерди чыңдоого жана кызматтыктын жаңы багыттарын өнүктүрүү үчүн бардык күчүн жумшарын айтты. Жолугушуудан соң Сигэки Маэда ОшМУнун Эл аралык байланыштар департаментинин башчысы Абдыганы Абдувалиевдин коштоосунда эл аралык мамилелер факультетинин аймак таануу адистигинин студенттери менен баарлашты.

ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетиндеги аймак таануу адистигинде студенттер япон тилинде кошумча билим алышат. Ошондой эле аталган факультетте Япон борбору ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Аталган факультеттин студенттери жыл сайын Япониянын тил үйрөтүү институттарында билимин тереңдетип келишет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть