ОшМУда Иран киносу күнү белгиленди.
Аталган иш-чарага Иран элчилигинин маданий өкүлүчүлүгүнүн директору Парвиз Гасеми катышып, алгач университеттин ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугуп, кызматташтык алакалары боюнча пикир алышты. Ошондой эле Иран киносу күнүнө арналган салтанатка катышты.
Салтанатта сөз сүйлөгөн ОшМУнун ректору К.Кожобеков Эл аралык мамилелер факультетиндеги Иран таануу борбору 2001-жылы ачылып, студенттерге фарсы тилин, иран элинин маданиятын, тарыхын, руханий азыктарга бай болгон адабиятын үйрөтүп келе жаткандыгын белгиледи. Учурда Иран элчилиги менен биргеликте ар кандай маданий иш-чаралар уюштурулуп келе жаткандыгын кошумчалап өттү.
Парвиз Гасеми да университеттеги кызматташтыктарга карата жылуу пикирин билдирип, мындан ары да кызматташтыктарды кеңейтүүгө кызыкдар экендигин айтты.
Иран киносу күнүндө кино сүйүүчүлөргө, студенттерге «Алтын жана жез», «Нарцисс мезгили» деген аталыштардагы кинотасмалар тартууланды.
Ош мамалекеттик университетинде Иран киносу экинчи ирет өткөрүлүүдө. Аталган иш-чара университеттин эл аралык мамилелер факультети тарабынан уюштурулган.