Ак-Суу районундагы Зуура Сооронбаева атындагы Жолколот жалпы билим берүү орто мектебинде Тоң районунда өткөн Токтобай уулу Шамейдин жаркын элесине арналган областтык мелдеште тогуз коргоол оюну боюнча 2-орунду алып келген окуучуларды сыйлоо аземи болуп өттү.
2-орунду камсыз кылган команданын мүчөлөрү: Малабеков Чынгыз, Малабеков Дельмар, Качкынова Каниет, Элебесова Сезим жана Малабекова Бегайым.