Ош технологиялык университетинин ректору профессор Абдыкадыр Абидов Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылганынын 31 жылдык мааракесине карата окуу жайда эмгектенген Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушту.
Ардагерлер Курсант Тойчубаевге, Маман Айбашевге жана Михаил Смирновго куттуктоо сөздөрү айтылып, ардак грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.