23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата Ош технологиялык университетинин мектеп–лицейинде мырзалар ортосунда сынак болуп өттү.
Аталган иш-чара окуучулардын интеллектуалдык жана маданий деңгээлин жогорулатуу, жаштардын маданий эс алуусун уюштуруу, эстетикалык табитин арттыруу, сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу, мекенчилдикке тарбиялоо максатында уюштурулду. Сынакка мектеп-лицейдин мыкты деп тандалып алынган мырзалары катышышты.
Жыйынтыгында биринчи орунду Жакыпов Актан, экинчи орунду Маметов Даниэль ал эми үчүнчү орунду Урайым уулу Режап камсыз кылды. Бүгүнкү ыр-бий менен коштолгон сынакта ар бир мырзы өз өнөрлөрүн көрсөтүп, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.
Сынактын аягында жеңүүчүлөргө диплом жана баалуу белектер тапшырылды