Ош технологиялык университетинин студенти Максатали Топчубаев жетектеген ыктыярчылар тобу Ош шаарынын Боорукердик үйүнө барышты.
Алар «Студенттер балдар үчүн» аталышындагы иш-чаранын алкагында Боорукердик үйүндө жашап жаткан карылар менен маек курушуп, жаш балдарга жагымдуу белектерди тапшырышты. Мындан сырткары, ОшТУнун таланттуу студенттери балдар менен ар кандай оюндарды ойноп, ырда-бийлеп, аларга жылуу сөздөрүн арнап кайтышты.