Ош технологиялык университетинин Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институтунда Эл аралык эне тил күнүнө арналган фестиваль өткөрүлдү.
Иш-чара Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы, райондук прокуратура, райондук борборлоштурулган китепкана, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Өзгөн райондук өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган.
Фестивалды утурлай ар түрдүү тилде жаңыдан жарык көргөн адабияттардын китеп көргөзмөсү уюшулуп, окуу үчүн окурмандарга сунушталды. Андан кийин Эне тил күнүн белгилөөнүн маданий иш-чарасы лингвистикалык көп түрдүүлүккө жана көп тилдеги билим берүүгө дем берүү менен уланды. Студенттер тарабынан кыргыз, орус, англис жана өзбек тилдеринде чыгармалардан үзүндү коюлуп, улуттук бийлер аткарылып, элдик каада-салттар көрсөтүлдү.
Бул майрамда Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы—аким Б.Алайчиев катышуучуларды майрамы менен куттуктап, өлкөдө элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоодо тең салмактуу жана натыйжалуу тил саясатын жүргүзүү өнүгүүгө өбөлгө болорун айтты. Ошондой эле алдыдагы милдеттерге да токтолуп өттү.
Тил жана маданий салттар жөнүндөгү бул иш-чарага Өзгөн райондук сотунун төрагасы У.Шаматов, райондун прокурору А.Аттокур уулу, райондук бириккен аскер комиссариатынын жетекчилиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, райондогу китепкананын китепканачылары, аталган институттун окутуучулары, студенттери жана райондогу жаштар катышты.