9:39 24 февраля 2020

ЖАМУда Ата Мекенди коргоочулар күнү белгиленди

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде «Мекенди коргоо — ыйык милдет» аталышындагы майрамдык концерт болуп өттү.

Концерт Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө жана Совет аскерлеринин Ооган жергесинен чыгарылган күнүнө карата өткөрүлүп, аны Маданий-эстетикалык борбордун адистери жана Жаштар комитети уюштурган.

Университетин ректору, профессор, Ооган согушунун ардагери Кеңешбек Усенов бул майрам мекенге берилип кызмат кылуунун символу болуп саналарын айтты.

«Ата Мекенди коргоочу — бул бир гана чеп бетинде турган жоокер эмес, өз элине ак эмгегин арнап, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон жаран. Ушул майрам күнү жүрөгү Кыргызстан, кыргыз жери деп соккон, мекенине күйгөн ар бир атуулубузга күч-кубат тилейм, чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай, бейпил турмуш каалайм. Ал эми биздин окуу жайда 6 Ооган согушунун ардагерлери эмгектенет. Алар жаш муундарга билим берүү менен катар аларды патриоттуулукка, мекенди сүйүп, ак эмгегин арноого тарбиялайт. Өз кезинде кан кечип, элге жай турмуш тартуулоо үчүн жаныңарды аябастан кызмат кылгансыңар. Мындан ары согуш болбосун, энелердин көз жашы акпасын. Сиздерге жалпы жамааттын жана студенттердин атынан терең таазим этем», - деди ректор.

Концерттин жүрүшүндө мекенге арналган атуулдук ырлар студенттер тарабынан ырдалып, тамашоучулар ар кандай тамашалар менен келген коноктордун көңүлүн көтөрүштү. Бул күнү «ЖАМУнун вальсы» аталышындагы ырдын бет ачары болуп,ЖАМУнун студенти Болот Юсуповдун аткаруусунда элге тартууланды.

Ырдын сөзү ЖАМУнун кызматкери Нурия Жолдошалиевага, обонун окуу жайдын Маданий-эстетикалык борборунун жетекчиси Жусуп Масаитовго таандык.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть