15:24 26 февраля 2020

Быйыл ОшМУнун мыкты лектору менен мыкты окутуучусу Дубайда эс алышат

Ош мамлекеттик университетинде жыл сайын билим берүүнүн мазмунун жаңылоо боюнча педагогикалык кызматкерлердин чыгармачыл ишмердигин өнүктүрүүгө, чыгармачыл активдүүлүктү жогорулатууга, инновациялык иштелмелерди жана технологияларды колдоого, билим берүүчүлүк ишмердиктеги жетишкендиктерди стимулдаштырууга, коомдо билим берүүнүн приоритеттерин орнотууга багытталган сынактар уюштурулуп келет.

Быйылкы окуу жылында да «ОшМУнун мыкты лектору-2020», «ОшМУнун мыкты окутуучусу-2020», «ОшМУдагы дисциплинанын мыкты окуу-методикалык комплекси» сынагынын жобосун ректор Кудайберди Кожобеков колдоп, бекитип берди.

Сынактар 3 этап менен: кафедралык тур (февраль, 2020), факультеттик тур (март, 2020), университеттик тур (апрель-май, 2020) болуп уюштурулат. Катышуучулардын иши атайын түзүлгөн комиссиянын кароосунда болот.

Жыйынтыгында жеңүүчү болгон «ОшМУнун мыкты лектору-2020», «ОшМУнун мыкты окутуучусу-2020» номинацияларынын ээлери баш байге — Дубайга жолдомо менен сыйланат. Активдүү катышкан окутуучулар сертификат, диплом, ОшМУнун ардак грамотасы, акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.

2019-жылы дүйнөлүк тилдер жана маданияты факультетинин америка жана котормо таануу кафедрасынын доценти Светлана Алымкулова «ОшМУнун мыкты лектору-2019», эл аралык медицина факультетинин клиникалык дисциплиналар-1 кафедрасынын окутуучусу Асанбек кызы Айпери «ОшМУнун мыкты окутуучусу-2019» сынагында жеңүүчү болуп, сертификат жана Дубайга жолдомо менен сыйланып, Дубайда эс алып келишкен.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть